Түрк мамлекеттер уюмуна эми Азербайжан төрагалык кылат

Коом 12 сентябрь 2025 18:00
351954_w750_h__1EQDjOn.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_NxdKXVo.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
351954_w750_h__1EQDjOn.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_NxdKXVo.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Азербайжанга өттү. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев билдирди.

Анын айтымында, бир айдан кийин ТМУнун саммити Азербайжанда уюштурулат, анткени төрагалык аталган өлкөгө өттү.

Башкы катчы белгилегендей, Кыргызстан ТМУга төрагалык кылган мезгилде пландаштырылган иш-чаралардын 90%ын өткөрдү. Уюмдун алкагында тышкы саясат, соода, экономика, айыл чарба жана туризм боюнча 40тан ашык платформа түзүлгөн.

Жакында Жалал-Абадда ТМУнун алкагында туризм боюнча ири иш-чара болот.