Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Түрк мамлекеттеринин уюму өзүнүн желегин космоско жөнөтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарында өткөн ТМУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча уюмдун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Түрк мамлекеттер уюму — миң жылдык тарыхка, маданиятка жана түрк дүйнөсүнүн мурастарына негизделген уникалдуу уюм.
«Уюмдун алкагында тышкы саясат, соода, экономика, айыл чарба, туризм жана космос сыяктуу 40тан ашык платформа түзүлдү. Биз жакын арада түрк дүйнөсүнүн биримдигинин символу катары Түрк мамлекеттер уюмунун желегин космоско жиберебиз», — деди Өмүралиев.