Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Түрк дүйнөсүндө 180 миллионго жакын адам жашайт. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев макаласында белгиледи.
Өмүралиев белгилегендей, аларды жалпы тарых, тил, маданият жана каада-салт бириктирет.
"Учурда тарыхый-маданий байланыштар соода, транспорт, инвестиция, билим берүү жана технология тармактарындагы кызматташтык аркылуу бекемделүүдө", - деп айтылат маалыматта.