Трида "Бишкек Аренанын" сахнасынан алган таасирлери менен бөлүштү

Коом 6 октябрь 2026 11:05
Трида "Бишкек Аренанын" сахнасынан алган таасирлери менен бөлүштү

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Россиялык ырчы Трида (Татьяна Федулова) Бишкек шаары ага жакканын жана "Бишкек Аренадагыдай" чоң сахнада алгачкы жолу ырдаганын сыймыктануу менен белгиледи.

Ал сахнада кыргыз тилинде сүйлөөгө даярданып келгенин, бирок толкундануудан улам даярдаган сөздөрүнүн барын унутуп калганын жашырган жок.

"Мага бардыгы абдан жакты. Мен буга чейин мындай чоң аянтчаларда концертте ырдаган эмесмин. Ошондуктан бул мен үчүн чоң сыймык. Айрыкча, Бишкек мага абдан жакты, шаарыңарды чындап сүйүп калдым. Бир аз толкунданып кеттим. Анткени, кыргыз тилинде көбүрөөк сөз сүйлөөгө даярдангам, бирок сахнага чыкканда бардык сөздөрүм эсимден чыгып кетти. Анан "чоң рахмат" деп гана айта алдым. Мен "Силерге чоң рахмат, мен силерди абдан жакшы көрөм, кайрадан жолукканча" деген сөздөрдү үйрөнуп алган болчумун", - деди Трида.

Ырчы Кыргызстандагы сапары учурунда “Ала-Арча” жаратылыш паркына барып, улуттук ресторанда тамактанып, кооз жерлерди көргөнүн жана ал жакта жаңы трек тартканын да айтып берди.

“Ала-Арча” паркына, тоолорго бардык. Ал жерде абдан даамдуу улуттук тамактары бар ресторанга кирдик. Көрүү аянтчасы укмуштуудай кооз экен. Ал жакта жаңы трек да тартып алдык. Мага баары жакты", - деди ал.

Эске салсак, кечээ, 5-октябрда борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылыш аземи өттү.