Төрөбаев Сузактагы "Ала-Тоо Азыгы" кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 11 август 2025 09:44
529938044_122183240558341273_886147318084805643_n.jpg
530150180_122183240444341273_1498422151167339203_n.jpg
530728466_122183240450341273_3971666434337182175_n.jpg
530977562_122183240276341273_7957250732485042245_n.jpg
529335129_122183240402341273_1756404098384415754_n.jpg
529932825_122183240288341273_3688303606020818963_n.jpg
Алдыга
Артка
529938044_122183240558341273_886147318084805643_n.jpg
530150180_122183240444341273_1498422151167339203_n.jpg
530728466_122183240450341273_3971666434337182175_n.jpg
530977562_122183240276341273_7957250732485042245_n.jpg
529335129_122183240402341273_1756404098384415754_n.jpg
529932825_122183240288341273_3688303606020818963_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сузак районунун Көк-Арт айылындагы "Ала-Тоо Азыгы" кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, көп тармактуу "Ала-Тоо Азыгы" кооперативинин негизги максаты — сүт жана эт багытындагы ири мүйүздүү "асыл тукум" малдарды багуу аркылуу мал чарба комплексин түзүп, өндүрүш көлөмүн арттыруу. Бул аркылуу аймактагы жашоочулардын, мекеме-ишканалардын жана уюмдардын сүт-этке болгон муктаждыгын камсыз кылуу, өлкөнүн мал чарба тармагын алдыга жылдыруу көздөлгөн.

Кооператив учурда өз каражаттарынын эсебинен "симментал" породасындагы 50 баш тубар уй алып келип, асыл тукум мал чарбасы катары мамлекеттик деңгээлде каттоодон өткөн. Келечекте мал санын 1 миң башка жеткирүү менен Сузак районундагы ири сүт жана эт багытындагы чарбалардын бири болуу планы бар.

"Мындай долбоорлор — айыл чарбасын көтөрүү үчүн абдан маанилүү. Мал чарбачылыгын өнүктүрүү менен биз жергиликтүү тургундардын жашоо-турмушун жакшыртып, жумуш орундарын түзөбүз жана ички өндүрүштү жогорулатабыз. Мамлекет мындай демилгелерге колдоо көрсөтүүгө даяр. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте инфраструктура, каржылык жардам, жана башка маселелерди чечүүгө көмөктөшөбүз”, - деди Төрөбаев.

Жыйынтыгында Көк-Арт айыл өкмөтү жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан мал сарайларын куруу үчүн жер маселеси мыйзам чегинде чечилери белгилүү болду. Ошондой эле каржылык жана уюштуруу маселелерин колдоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.