Төрөбаев: Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар, абал көзөмөлдө

Экономика Загрузка... 20 Ноябрь 2025 16:46
akaryakitlar---yakit-katkisi.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо иштери министрлер кабинети тарабынан активдүү уланууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата республиканын бардык нефтебазаларында күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар. 

"Министрлер кабинети өлкөнүн нефтетрейдерлери менен биргеликте ички күйүүчү-майлоочу май рыногун толтуруу максатында, Беларусь, Азербайжан, Казакстандын мамлекеттик органдарынын жана мунай иштетүүчү заводдорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргызстанга мунай продуктулары жеткирилип жатат. 
Өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо максатында аткарылып жаткан иштер тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан ар күнү көзөмөлдөнүп, абал турукташтырылып келет", - деп белгиледи ал. 

Төрөбаев кошумчалагандай, аны менен катар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү компаниялардын жетекчилери тарабынан калкка жана социалдык объекттерде ар күнү күйүчүү-майлоочу майдын, көмүрдүн жеткиликтүү көлөмдө корунун үзгүлтүксүз болуусу жана анын баасына, сапатына мониторинг жүргүзүп туруу, ошондой эле жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо сыяктуу көзөмөлдөө иштерин күчөтүлгөн тартипте аткаруу тапшырылды.

Мындан тышкары, коюлган планды өз убагында жана толук кандуу аткаруу милдеттендирилди.