Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районунда жазгы талаа иштерине даярдыктар менен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, анда министрге жазгы талаа иштерине даярдыктар, минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо, сугат каналдарын өз учурунда тазалоо боюнча маалымат берилди.
Бакыт Төрөбаев дыйкандарга сертификаты бар үрөндөрдү себүүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүүнү жана жазгы талаа иштерине даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды.
"Биз дыйкандарга азыртадан сертификатталган үрөндөрдү пайдалануунун артыкчылыктарын түшүндүрүп, сугат мезгилинде көйгөйлөр жаралбашы үчүн сугат каналдарын эртелеп тазалап бүтүшүбүз керек", - деди ал.
Тийиштүү адистер районго заманбап техникалар келип жатканын, ал дыйканчылыкта зор салым кошуп жатканын билдиришти. "Айыл Банк", "Элдик Банк" аркылуу дыйкан-фермерлерге арзандатылган насыялар бериле баштагандыгы да жергиликтүү адистер тарабынан айтылды.