Төрөбаев: Айыл чарбасын механизациялоо - чыгымдарды азайтып, атаандаштыкты күчөтөт

Коом Загрузка... 27 Ноябрь 2025 09:10
IMG_8969.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ак-Суу районунда машина-трактордук станциянын ачылыш аземинде агросекторду механизациялоонун маанисин баса белгиледи.

Министрдин айтымында, айыл чарба тармагы жаңы технологияларды жана заманбап техникаларды кеңири колдонуу менен фермерлердин чыгымдарын кескин кыскартууга жана продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жетише алат.

"Жаңы техникалар келип жатат. Эң негизгиси – аларды туура колдонуу жана профессионалдуу механизаторлорду даярдоо. Эгер механизатор жакшы болсо, техника эң жакшы иштейт. Бул – атаандаштыкка туруштук берүүнүн ачкычы", – деди Төрөбаев.

Ал ошондой эле көптөн бери колдонулбай келген щелерез сыяктуу шаймандарды кайрадан фермердик иштерге киргизүү зарылдыгын белгиледи. Бул шайман климат өзгөрүп жаткан шартта кайрак жерлерде нымды топтоого жана жер семиртүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.

"Кол эмгеги кымбаттап жаткан чакта фермердин ишин механизациялоо чыгымды азайтып, агротехникалык кызмат көрсөтүү эттин, сүттүн жана тоюттун баасын төмөндөтөт. Ал эми МТСтердин ишке кириши рынокто баанын төмөндөшүнө алып келет.
Агротехникалык кызмат көрсөтүүнүн негизги максаты – элдин ишин жеңилдетүү, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу. Бул – биздин фермерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүк", – деп сөзүн жыйынтыктады министр.