Травматология жана ортопедия борбору 2026-жылдын аягында пайдаланууга берилет

Ден соолук Загрузка... 03 Июль 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Травматология жана ортопедия улуттук борбору 2026-жылдын аягында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору, хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган борбор өлкө башчысынын колдоосу жана каржылоосу менен курулуп жатат. Оорукана 500 орундуу болот. Мамлекеттик мекеме болгондуктан, бейтаптар үчүн баары акысыз жана жеткиликтүү болот.

“Долбоор үч жыл мурун эле даярдалган. Мен аны өлкө башчысына тааныштырсам, дароо эле макулдугун берип, каражат бөлдү. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Курулуштун башталганына эки ай эле болгонуна карабастан, жер төлөөсүнүн курулушу бүтүп, биринчи кабаттын курулушу башталды. Курулушту президенттин Иш башкармалыгы көзөмөлдөп жатат. Жогорку технологиялардын баары ушул мекемеде болот. Жаңы аспаптар, ыкмалар, жабдуулар, анын ичинде робот-хирургдар киргизилет. Бул заманбап мекеме Борбор Азиядагы эң алдыңкы Травматология жана ортопедия борбору болмокчу”, - деди ал.

Жумабеков белгилегендей, борбор оор жаракат алган бейтаптарды дарылай турган илимий борбор болот.

“Ошондой эле сөөк муундарын алмаштырууга болот. Андан тышкары, омуртка сыныктарын дарылоого болот. Жаш балдардын ортопедия бөлүмү жана спорт менен алектенип, жаракат алгандар үчүн атайын бөлүм каралат. Анткени, өлкөдө тизе, кызыл ашык, жамбаштан жабыркаган бейтаптардын саны аябай көп”, - деди ал.