Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү. 3 айда өлкө казынасына 69,3 млн сом чегерилди

Экономика Загрузка... 10 Апрель 2025 14:41
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылдын январь-март айларында жүргүнчү жана жүк ташыган 205 миң 747 унаа текшерилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 1883 протокол түзүлдү.

Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 69 млн 349 миң 131 сом чегерилди. 2024-жылдын 3 айында 20 млн 959 миң 447 сом түшкөн.

Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.