Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Россиянын бир нече аэропортторунда аба ырайынын кескин начарлашынан улам 2 миңден ашуун авиакаттам токтотулуп жана кечеңдетилди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Россиянын Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 480дей рейс токтотулуп, 1900ү кармалып калган.
Россиянын Авиация кызматтарынын маалыматы боюнча, 88 учак башка аэродромдорго жөнөтүлгөн. Билеттердин аргасыз кайтарылышы 43 миңге жакын рейске таасирин тийгизип, 94 миң адам мейманканаларга убактылуу жайгаштырылган.
Транспорт министрлигинин өкүлдөрү чектөө чаралары учуу коопсуздугун камсыздоо үчүн гана киргизилгенин белгилешкен.
Эсперттердин айтымында, авиакомпаниялар үчүн транспорттук коллапстан кошумча чыгымдар 20 млрд рублдан ашаарын эскертишкен.
Бул билеттерди кайтарып берүү, жүргүнчүлөр үчүн компенсациялар, экипажды жайгаштыруу жана учакты тейлөө боюнча чыгымдарды камтышы мүмкүн. Мындай чыгашалар тармактын финансылык туруктуулугун бузуп, инвестициялык активдүүлүктү төмөндөтүшү мүмкүн.
Трансполрттук коллапстын фонунда бүгүн Россия Федерациясынын транспорт министри Роман Старовойт кызматтан алынган. Ал бул тармакты бир жылдан ашык башкарган.