Санариптештирүүнүн жемиши. Транспорт тармагынын кирешеси 4 эсе өстү

Экономика Загрузка... 11 Ноябрь 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Транспорт тармагы 2025-жылы олуттуу жыйынтыктарга жетишип, мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешеси кыйла өстү. Быйылкы жылдын тогуз айында тармак боюнча ар түрдүү төлөмдөрдөн жана уруксат кагаздарынан 861 миллион сомдон ашык каражат казынага түшкөн. Андан сырткары, чет мамлекеттер менен кызматташтык кеңейип, уруксат берүү кагаздары санариптештирилди.

Соңку жылдары Транспорт жана коммуникация министрлигинде бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып, жол-транспорт тармагы жаңы баскычка көтөрүлүүдө. Атап айтканда, министрликтин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты болгон транспорт тармагы өз жыйынтыгын берип, казынага түшкөн каражаттын көлөмү кыйла көбөйгөн. 2025-жылдын 9 айында лицензия берүүдөн, административдик айыптардан, уруксат берүү кагаздарынан, салмак өлчөмдөрүн таразалоодон жана бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан 861 млн 192 миң сом түшкөн.

Ал эми былтыркы жылдын ушул көрсөткүчтөрү - 202 млн 219 миң сомду түзгөн. Ошондой эле быйылкы жылы чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында 41 мамлекеттен 188 миң 75 даана уруксат кагаздары алынган.

Ошондой эле коррупциялык элементтерди жоюу максатында уруксат кагаздарын берүү санариптештирилип, адам факторунун кийлигишүүсү жок кылынган.

Министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Эл аралык ташуулар жана интеграция бөлүмүнүн башчысы Талант Нанаев “Кабар” агенттигине быйылкы жылы жасалган иштер тууралуу айтып жатып, “Департамент ушул жылдын тогуз айында эл аралык жүк ташуулар боюнча 167 миң 586 уруксат кагазын берген. Бул иштердин натыйжасында республикалык бюджетке 578 млн 557 миң 500 сом каражат түшкөн. Ошондой эле азыркы учурда транспорт департаменти 41 мамлекет менен жүк ташуу боюнча уруксат кагаздары менен алмашууда”-деди.

Министрликтен билдиришкендей, ведомство акыркы жылдары транспорт тармагын санариптештирүүгө да активдүү көңүл бурууда. Атап айтканда эл аралык автоташуулар үчүн e-Permit системасы киргизилген. Кыргызстан бул система аркылуу үч мамлекет менен кызматташууда. Мунун натыйжасында уруксат берүүчү документтерди алмашуу процесси кыйла жөнөкөйлөп, ата мекендик жүк ташуучулар үчүн уруксат кагаздарын онлайн алуу жана тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул кадамдар жүк ташуучуларды жеке келип кайрылуу зарылдыгынан арылтып, кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн кыскартты.

Талант Нанаевдин айтуусу боюнча уруксат кагаздарын берүүнү санариптештирүү боюнча өзүнчө программа иштелип чыгып, азыркы учурда жүк ташуучулардан келип түшкөн арыздар электрондук түрдө департаменттин сайтына келип түшүүдө.

“Арыздар электрондук түрдө каралып, программанын чечими менен жыйынтыгы чыгарылып, маалыматтар жүк ташуучу ишканалардын, жеке тараптардын өздүк кабинетине түшүүдө. Мурункудай кагаз алып келүү, кол менен тапшыруу, арыз жазуу деген иш-аракеттер жокко чыгарылды.
Андан сырткары, Транспорт департаменти тарабынан мамлекеттер менен электрондук бланк алмашуу боюнча e-Permitти программасы иштелип чыгып, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркия өлкөлөрү менен уруксат кагаздары электрондук түрдө алмашылууда. Ошондой эле азыркы тапта Кытай мамлекети менен дагы жогоруда аталган программаны ишке киргизүү аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул өлкө менен он айдын ичинде 120 миң бланк алмашылган. Кийинки жылы буйруса эки өлкөнүн ортосундагы бланк алмашуу иштери толугу менен автоматташтырылат”,-деди ал.

Белгилей кетсек, министрликте мамлекеттик бюджеттин колдоосу менен стратегиялык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо иштери да жүргүзүлүүдө. Быйылкы жылы асфальт төшөлгөн жана жаңы салынган жолдордун жалпы узундугу 1200 чакырымды түздү. Бул жолдор эл аралык транзитти камсыздап, товар ташууга шарт түзүп, ошондой эле экономикалык өсүшкө, калктын кыймылын жеңилдетүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө чоң салымын кошот.

Ошондой эле министрликте техникалык базаны жаңылоо, жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2024-жылы бюджеттин эсебинен 453 атайын техника сатып алынган. Аларга самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, автобетон аралаштыргычтар, экскаватор жана башкалар кирет.