Транспорт министрлиги Бишкек-Ысык-Көл жолунда оңдоо иштеринин сапаты боюнча түшүндүрмө берди

Коом Загрузка... 26 Июнь 2025 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 42-чакырымынан 47-чакырымына чейинки бөлүгүндө жолдун үстүңкү катмарын төшөө үчүн оңдоо иштери жүрүп жатат. Ага ылайык, асфальттын ордуна жолду битум менен толтуруп, майдаланган таш менен жаап жатышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, мындай иштерди «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №34 Жол тейлɵɵ ишканасынын кызматкерлери стратегиялык маанилүү участокту пландуу модернизациялоонун алкагында жүргүзүүдө.

Бул ыкма жолдун жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулат.

Анткен менен туристтик сезондун кызуу маалында бул жолдун абалына, андагы чаңга жана унаалардын тазалыгына доо кетирүү менен айдоочулардын нааразычылыгын жаратты. Социалдык тармактын колдонуучулары жолдон майдаланган таштар чачырап, жеңил унаалар үчүн тилкеден өтүү кыйындап жатканын белгилешүүдө.

Транспорт министрлиги жол кыймылына бөгөт коюлбаганын эскертүү менен, бул иш-чаралар комплекстүү реконструкциялоонун убактылуу этабы экенин белгилейт.