Кыргызстанда жол адистери кантип даярдалат? Министр жеринен таанышты

Коом
copyright icon WWW

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Кусейин Көлбаев атындагы окуу жайга барып, жол куруу тармагы үчүн адистерди даярдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө министр окуу жайдын материалдык-техникалык базасын, окуу процессин, студенттердин теориялык билим алуусу жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу шарттарын көрүп чыкты.

Жол куруу тармагында квалификациялуу инженерлерди, техникалык адистерди жана жумушчу кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле заманбап жол куруу технологияларын өздөштүргөн, кесиптик даярдыгы жогору адистерди даярдоонун маанилүүлүгү белгиленди.