Офицер президентке кайра кызматка орношо албай жатканын айтты

Коом
Офицер президентке кайра кызматка орношо албай жатканын айтты

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Панфилов районунун тургуну Улан Абдрахманов президент Садыр Жапаровдон жаза аткаруу системасындагы кызматка кайра орношууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушуусунда айтылды.

Анын айтымында, ал буга чейин жаза аткаруу системасында кызмат өтөгөн. 2020-2021-жылдары үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Белгиленгендей, анын пенсияга чыгышына төрт жылдай убакыт калган.

Абдрахманов учурда кызматка кайра кайтууну каалап жатканын, бирок мыйзамдардагы талаптар өзгөргөндүгүнө байланыштуу буга мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтты. Ошондуктан тиешелүү ченемдерди кайра карап чыгууну же мыйзамга керектүү өзгөртүү киргизүүнү өтүндү.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү органдарга бул маселени мыйзам талаптарына ылайык карап чыгууну тапшырды.

"Эгерде бул юридикалык ченемдерге туура келсе жана мыйзамдын талаптары жол берсе, карап көргүлө", – деди мамлекет башчысы.