Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Транспорт министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көлдөгү жол оңдоо иштери менен таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун курулушу менен жеринде таанышкан министр узундугу 15,64 чакырымды түзгөн бул жол төрт тилкелүү болуп курулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле Көчмөндөр оюндарында ат оюндары өткөрүлө турган жайдагы курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп, тиешелүү объектилердин даярдыгын карады.
Мындан тышкары, министр Түп – Кеген унаа жолунун 0–39-чакырымдар аралыгында жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. Учурда жолго экинчи катмар асфальт төшөлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата анын 14 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү.
Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунун 14,5 чакырымдык тилкесинде жер жумуштары аткарылууда. Ал эми Эңилчек жайлоосуна баруучу жолдо жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.
Жол курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.