Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жумушчу сапары менен Ош облусунун Алай районуна барды.
Ведомствонун маалыматына караганда, ведомство жетекчиси жумушчу сапарынын алкагында Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолунда жайгашкан кыш мезгилинде техникаларды жана инерттик материалдарды сактоо үчүн курулган аңгарды текшерди.
Мындан тышкары, министр "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасына караштуу №960 жол тейлөө мекемесинин жаңы курулуп жаткан имаратынын абалы менен таанышты.
Министр тиешелүү жетекчилерге кышка даярдык иштерин өз убагында аткарылышын камсыздоону тапшырды.