Транспорт министри Ош-Баткен-Раззаков жолун оңдоо иштеринен кабар алды

Аймак Загрузка... 08 Апрель 2025 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.04.25./Кабар/.Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош-Баткен-Раззаков жолунун калган бөлүгүнө асфальт басуу иштерин жеринен көрүп, кабар алды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Ведомство жетекчиси иш ыргагын ыкчамдатуу менен өзгөчө сапатка көңүл буруу керектигин белгиледи.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №2 жол куруу башкармалыгы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 47-75-чакырымына чейин капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 2024-жылы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 34+400-40+400-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери аяктаган.

Асфальт төшөө иштери менен катар Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63 (Абшыр-Сай) жана 43-чакырымындагы (Чили-Сай) эки көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып, колдонууга берилген.

Белгилей кетсек, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырымдар аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11-чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.