Транспорт министри Нарын - Баетов жолундагы көпүрөнүн курулушун тездетүүнү тапшырды

Аймак Загрузка... 22 Июль 2025 15:40
520856299_1064605245858527_6154861617451867571_n.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Бүгүн, 22-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын - Баетов автожолундагы курулуш иштерин текшерди.

Ведомстводон билдиришкендей, Сыргабаев аталган жолдун 8-13-чакырым аралыгында иштин жүрүшүн сынга алып, 10 күндүн ичинде асфальт басуу тапшырмасын койду.

Ошондой эле министр Нарын - Баетов жолундагы 72 метр көпүрөнүн курулушун тездетүүнү тапшырды.

Ведомство жетекчиси аталган жолдун курулушу жеке көзөмөлүндө болорун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Нарын - Баетов жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Анын 46 чакырымын оңдоо каралган. Жол 2 тилкелүү 10 тонна жүккө ылайыкталып салынууда.