Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунда жүрүп жаткан оңдоо иштерин күтүүсүз текшерип барды.
Ведомстводон билдиришкендей, министр курулуш иштеринин сапатын, мөөнөтүн жана калктын даттанууларын жеке көзөмөлгө алуу үчүн жерине барды.
Жеринде подрядчы компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, оңдоо иштерине байланыштуу жарандардан көптөгөн нааразы пикирлер келип түшкөнүн белгилеп, графиктен кечигүү болбошу керектигин талап кылды.
Ошондой эле Сыргабаев июнь айынын ортосуна чейин асфальттын биринчи катмарын төшөөнү тапшырды.
Белгилей кетсек, азыркы тапта Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунун 5+200-9+050 чакырымдар аралыгында (Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгү) асфальт төшөөгө жолдун негизин даярдоо жумуштары жүрүүдө.
Кошумчалай кетсек, алдыда Бишкек-Кант-Токмок унаа жолу этап-этабы менен оңдолот.