Транспорт каражаттарын каттоо мамагенттигинин 38 бөлүмү аймактарда кызмат көрсөтөт — Насиров

Коом 13 август 2025 11:50
WhatsApp Image 2025-08-13 at 11.49.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-13 at 11.49.39.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-08-13 at 11.49.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-13 at 11.49.39.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 13.08.2025. /Кабар/. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 38 бөлүмү аймактарда кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу аталган агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Насиров бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурдагы аймактык бөлүмдөрдүн иш тартиби төмөнкүдөй:

  • 2 аймактык бөлүм күнү-түнү, тыныгуусуз иштейт (Региондор аралык жана Ош шаардык бөлүмдөрү);
  • 4 аймактык бөлүм тыныгуусуз жана дем алыш күндөрү да иштейт (Бишкек шаардык, Чыгыш, Ош-2 жана Жалал-Абад аймактык бөлүмдөрү);
  • 1 бөлүм эки нөөмөт менен түнкү саат 01:00гө чейин иштейт (Аламүдүн аймактык бөлүмү);
  • Бишкек шаарында транспорт каражаттарын көчмө каттоо жана кайра каттоо боюнча өзүнчө бөлүм да иштеп жатат.