Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Транспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкери документтер боюнча РФнын аймагынан Кыргызстанган ташылып келинген делген жүк ташуучу унааны мыйзамсыз тариздегени аныкталган.
Атайын кызматтын текшерүүсү көрсөткөндөй, бул транспорт каражаттары Казакстанда бажыдан өткөрүлгөн, анда Бурабай протоколуна ылайык жүк ташуучу автомобилдерге алып келүү алымынын төмөндөтүлгөн ставкасы (10%) колдонулат. Мындай транспорт каражаттары шарттуу чыгарылган деп таанылат жана кайра декларациялоосуз, бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жана "ЕАЭБ товары"статусун тастыктамайынча башка мамлекеттин органдарында катталышы мүмкүн эмес.
Мындан тышкары, аталган кызматкер акча алуу үчүн транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин бузуу менен мыйзамсыз түрдө жүк ташуучу фураларды жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустарга айландырган.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл секторунун адиси кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.