Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Транспорт департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Бактыбек Молдобаев Чүй-Бишкек аймагындагы мобилдик топтор менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын базасында кошумча 4 мобилдик топ түзүлөрү жана аймактагы көзөмөл иштери кескин күчөтүлөрү белгиленди
Жыйында жетекчи инспекторлордун мыйзам бузууларды аз каттап, протоколдорду түзбөй жаткандыгын катуу сынга алды. Ал кызматтык милдеттерин так аткарбаган кызматкерлерге чара көрүлөрүн айтты.
Бактыбек Молдобаев жооптуу кызматкерлерге иштин натыйжалуулугун тез арада жогорулатуу, мыйзамдуулукту кынтыксыз сактоо жана аныкталган кемчиликтерди ыкчам түрдө жоюу боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле жетекчи мобилдик топторго 10 күн убакыт берилгенин, андан соң кайрадан жолугушуу өткөрүлүп, ар бир кызматкердин ишмердүүлүгүнө баа берилерин эскертти.