Транскаспий эл аралык долбоорун, бажы тармагын санариптештирүүнү тездетүү маанилүү - Олжас Бектенов

Саясат Загрузка... 18 Сентябрь 2025 16:30
KMO_090981_13543_1_t222_140339.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Транскаспий эл аралык долбоорун, бажы тармагын санариптештирүүнү тездетуүү маанилүү деп эсептейбиз. Мындай пикирин Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, мындан сырткары илим изилдөө, жасалма интеллект, кибер коопсуздук багытында илимий борборлорду түзүү да абдан маанилүү.

"Казакстан турк мамлекеттери менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана алардын штаттык орундарын көбөйтүүнү көздөйт. Түрк инвестициялык фондунун алкагында кызматташууну дагы көтөрүү керек. Бул экономикалык өсүүнү шыктандыруунун реалдуу кадамы. Ошондой эле чек ара кызматташыгына артыкчылык берүү керек",- деди Бектенов.

Негизинен жолугушууда ТМУнун алкагындагы артыкчылыктуу багыттар болуп саналган экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу маселелери каралууда. Уюмдун алкагында буга чейин кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана ишмердүүлүктүн механизмдерин жакшыртуу маселелери да талкууланууда.

Эскерте кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна – Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышууда.