Төрагалыкка көп жылдык тажрыйбасы бар, такшалган адам келди – депутат

Пикир Загрузка... 12 Февраль 2026 17:25
554874639_2042800376475478_8430825820940633860_n.jpg

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Жаңы шайланган төрага өзүнүн такшалган тажрыйбасын парламенттин ишин алдыга жылдыруу үчүн натыйжалуу колдоно алат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу «Кабар» агенттигине билдирди.

Эл өкүлү белгилегендей, Марлен Маматалиев мамлекеттик башкаруунун ар кыл тармактарында, анын ичинде аткаруу бийлигинде да кызмат өтөп, чоң тажрыйба топтогон.

«Маматалиев бир нече чакырылыштын депутаты болуп, өкмөттөн тартып бардык мамлекеттик органдарда иштеп, мол тажрыйба топтоду. Ал бардык тармакты ичинен жакшы билет. Ал эми мыйзам жазуу жана демилгелөө боюнча ал Кыргызстанда биринчи орунда турат», — деди Рустамбек уулу.

Ошондой эле депутат Маматалиевдин спикер катары мындан аркы кадамдарына токтолуп, анын кесипкөйлүгүнө ишеним артты.

«Жаңы шайланган төрага буга чейинки топтогон мол тажрыйбасын Жогорку Кеңеште колдонуп, мыкты иш алып барат деген ойдомун. Себеби ал өлкөдөгү бардык тармакты эң жакшы билет. Жыйынтыктап айтканда, ал өз ишине такшалган адис», — деп сөзүн жыйынтыктады эл өкүлү.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Марлен Маматалиевдин талапкерлигин 77 депутат колдоп, ал парламент төрагасы болуп шайланды.