Түптөгү Күрмөнтү цемент заводунун иши жанданат

Аймак 04 Февраль 2026 13:00
625224990_1218184327189839_3982119500214732798_n.jpg
624574752_1218184397189832_2409792376108392937_n.jpg
625216958_1218184400523165_6545106186762130529_n.jpg
625351829_1218184373856501_1845939587587867288_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УТРК Ысык-Көл

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Түп районундагы Күрмөнтү цемент заводунун иши жанданат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Союз мезгилинде Күрмөнтү цемент заводу сапаттуу цемент өндүрүп, Казакстанга чейин ташылып турган. Кийинчерээк завод цемент эмес, бир гана акиташ чыгаруу менен чектелип калган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, завод мамлекеттин карамагына өтүп, андан соң 4,5 млн долларга инвесторлорго берилди. Инвесторлор 2026-жылдын аягына чейин болжол менен 100 млн доллардын тегерегинде каражат жумшап, заманбап жаңы завод курууну пландаштырууда.

Жаңы завод жыл аягына чейин ишке кирип, 200дөн 400гө чейин жаңы жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө.