Түптө Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 6 октябрь 2025 10:30
de63878dd33e4f16a581f1db67a8750f-37468e2266e468203.67341912.jpg
e708c2051869468ba8b8758acb2afa54-74768e2266e454b51.96871397.jpg
7cedf2accda34a378b507efd28cf5a4d-44268e226c01392e7.08626409.jpg
14161717397445f4a82d6ab9d7b470b2-72968e226c0113ee8.22687457.jpg
f3937df75ef94b08a59959d82d8ae9c6-50768e226c0127131.12929879.jpg
dji_fly_20251004_150724_597_1759577447650_photo_optimized-168e2275d8b3cd4.95977562.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. 4-октябрда Түп райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылышы болду. 

Курулуш министрлигинен билдиришкендей,  жаңы имарат бир кабаттан туруп, жалпы 288 чарчы метр аянтты ээлейт. Анда жети кызматтык кабинет, жыйындар жана күтүү залы, ошондой эле техникалык бөлмө каралган.

Имарат заманбап архитектуралык жана техникалык талаптарга ылайык курулган. Мамлекеттик кызматкерлердин ыңгайлуу шартта иш алып баруусуна, жарандарга сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүүсүнө багытталган.

Белгилей кетсек, иш-чарага министр Нурдан Орунтаев, министрдин орун басары, жергиликтүү мамлекеттик органдардын башчылары, аймактык башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлер катышты.