Түп айылында ипотекалык үйлөр курула баштады

Аймак Загрузка... 25 Июнь 2026 18:55
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн аймактарында көп кабаттуу турак жайларды куруу долбоорлорун ишке ашырууну баштады.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн алгачкы долбоор Ысык-Көл облусунун Түп районунда башталды. "Хан-Теңири-5" деп аталган турак жай комплексинин курулушун башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев баштап берди.

Ал өз сөзүндө мамлекет башчысынын демилгеси менен жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо иштери өлкөнүн бардык аймактарында ырааттуу жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

"Кыргызстан – тоолуу өлкө. Калкыбыздын басымдуу бөлүгү аймактарда жашайт. Ошондуктан заманбап турак жайларды борбор калаада гана эмес, райондордо жана алыскы аймактарда да куруу бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Президенттин тапшырмасы менен Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн бардык аймактарында турак жай курулушун баштап жатат. Негизги максат – жарандардын жашоо шартын жакшыртып, мүмкүн болушунча көп үй-бүлөнү өз турак жайы менен камсыз кылуу", – деди ал.

Долбоордун алкагында Түп айылында 24 блоктон турган 6 кабаттуу турак үйлөр курулуп, жалпы 720 батир пайдаланууга берилет.