Түп жана Манас райондорунда азык-түлүк жарманкеси өттү

Аймак Загрузка... 30 Январь 2026 17:25
WhatsApp Image 2026-01-30 at 16.59.34.jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Түп жана Манас райондорунда социалдык мааниге ээ болгон айыл чарба продукцияларынын кезектеги азык-түлүк жарманкеси уюштурулду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мындай демилге министрлик тарабынан көтөрүлүп, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга эт азыктары, жашылча-жемиштер, ун, май, шекер жана башка негизги азык-түлүк түрлөрү жеткиликтүү жана туруктуу баада сунушталды.

Жарманкеге жергиликтүү дыйкан-фермерлер жана өндүрүүчүлөр активдүү катышып, өз продукцияларын ортомчусуз түз сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн түз байланыш түзүүсүнө өбөлгө болуп, калк үчүн азык-түлүк бааларынын төмөн болушуна шарт түздү.

Иш-чаранын негизги максаты калкты сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк менен камсыз кылуу, социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн бааларынын турукташуусуна көмөк көрсөтүү жана ички рынокту колдоо болуп саналат.