Түп РЭТи Күрмөнтү айылына 350 темир-бетон мамы орнотот

Аймак Загрузка... 08 Август 2025 13:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ысык-Көл электр тармактар ишканасы

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Түп РЭТи Күрмөнтү айылында эскирген жыгач мамыларды жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырууда. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда эскирген алюминий зымдардын ордуна заманбап өзүн-өзү көтөргөн изоляцияланган зымдарын (СИП) тартылууда.

Жалпы Күрмөнтү айылы боюнча 350 темир бетон мамы орнотулуп, 13  чакырым СИП зымдары тартылат.

Мындан тышкары, 2025-жылдын башынан бери Түп РЭТи төмөнкүдөй техникалык иштерди аткарды:

  • 14 чакырым аба чубалгыларына капиталдык ремонт жүргүзүлдү;
  • 14 даана көмөк чордонго капиталдык оңдоо жасалды;
  • 119 чакырым ВЛ-10/0,4 кВ техникалык тейлөөдөн өттү;
  • 198 көмөк чордон  оңдолду;
  • 5,7 чакырым СИП зымы тартылды.