Түп районунда логистикалык борбор курулат

Аймак 02 Июнь 2026 09:30
715021210_122213935058341273_4931320164026641260_n.jpg
711909965_122213935064341273_3036684903636249408_n.jpg
Алдыга
Артка
715021210_122213935058341273_4931320164026641260_n.jpg
711909965_122213935064341273_3036684903636249408_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Түп районунун Михайловка айыл аймагында логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 1-июнда үч тараптуу келишимге кол коюлду.

Аталган логистикалык борборду куруу иши Кыргыз- Азербайжан өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылат. Анын кубаттуулугу 500 тонна жемиш сактоого ылайыкталат.

Ишкана ушул жылдын сентябрь айында ишке берилери пландалууда.