Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Кыргыз-кытайлык "Кыргыз Транс Инвест" компаниясы Кытайдын Сиань шаарында аянты 9 гектар болгон Кыргызстандын транспорттук-логистикалык борборун курат. Бул тууралуу Кыргыз-кытай инвестициялык форумунда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди.
Анын айтымында, борбор Сиань – Кашгар – Ош мультимодалдык маршрутунун маанилүү бөлүгү болуп, Ош шаарын аймактагы ири логистикалык хабга айлантууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле Равшанбек Сабиров кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Алардын арасында Чүй облусунда жылына 800 миң тонна мунай иштетүүгө жөндөмдүү "Чайна Петроль Компани" "Жунда" мунай иштетүүчү заводун модернизациялоо жана Бишкекте Борбор Азиядагы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү биринчи экотехнологиялык заводду ишке киргизүү долбоорлору бар.