Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Бишкекте узундугу 16,5 чакырымды түзгөн Чыгыш айланма жолу курулууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, төрт тилкелүү жол борбор калаадагы унаа тыгындарын, айрыкча туристтик сезон учурундагы транспорттук жүктү азайтууга багытталган. Долбоорго тартылган инвестициянын көлөмү 81,6 млн долларды түзөт. Жаңы жол борбор калаанын түштүк бөлүгүнөн Ысык-Көл тарапка кеткен транспорт агымын башка нукка буруп, Киргшелк айылынын тушунан шаардан чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу ата мекендик "Тез Жол" ЖЧКсы менен биргеликте ишке ашырылууда. Макулдашуунун мөөнөтү 30 жылды түзөт. Мамлекеттик тараптан ага Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кол койгон.

Сабировдун белгилешинче, "Тез Жол" — акы төлөнүүчү жолдорду куруу тажрыйбасы бар жергиликтүү инвестор. Компания буга чейин Өзгөн районунда айланма жол куруп, ал аймактагы унаа тыгындарын кыйла азайтууга жардам берген.
30 жылдык келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин компания курулган жолду бардык инфраструктурасы менен кошо мамлекетке өткөрүп берет. Анын курамына 26дан ашык көпүрө, жол түйүндөрү жана башка объектилер кирет. Андан ары жолду жана инфраструктураны мамлекет пайдаланат.