Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Бишкектин чыгыш айланма жолун 2027-жылдын май айында пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу "Тез Жол" ЖЧКсынын жетекчиси Русланбек Кайымбаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жолдун курулушу 2025-жылдын декабрь айында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында башталган. Долбоорго жалпы 81,6 млн доллар инвестиция салынат.
Кайымбаевдин маалыматына караганда, учурда инженердик курулмалардын 80 пайызы, жер иштеринин 50 пайызы аяктады. Жыл аягына чейин жер иштерин толук бүтүрүү, келерки жылдын башында асфальт төшөө иштерин жүргүзүү пландалууда. Ал эми жолду 2027-жылдын май айында пайдаланууга берүү каралган.

"Жаңы жолго Лев Толстой, Ахунбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрү туташат. Анда унаалардын ылдамдыгы саатына 90-100 чакырымды түзөт. Долбоордо 26 ири инженердик курулманы жана беш жол түйүнүн куруу каралган. Ошондой эле темир жол жана дарыялар аркылуу өтүүчү көпүрөлөр салынат", - деп айтылат маалыматта.
Макулдашууга ылайык, компания жолду бир жарым жыл ичинде куруп, андан кийин дагы 28,5 жыл пайдаланат. 30 жылдык мөөнөт аяктагандан соң жол бардык инфраструктурасы менен кошо мамлекеттин карамагына өткөрүлөт.