Кыргызстанда салттуу кытай медицинасына $1 млрд инвестиция салуу пландалууда

Экономика 10 сентябрь 2026 18:00
5501ab82-b4eb-40c6-8e87-0a2f10817454.jpeg
dee84898-d052-4413-b3ba-1c25205ead0e.jpeg
9fb41204-5537-4386-9051-454f92283e5b.jpeg
3a1a5643-55ac-4c5e-ae60-c8f43b6386ea.jpeg
408e70da-fe60-493d-a0f7-4a1c76502103.jpeg
a770cfc2-964f-4919-b3ed-4369aa9392bc.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун колдоосу менен салттуу кытай медицинасынын индустриалдык паркын түзүү пландалууда.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, долбоордун жалпы наркы 1 млрд долларды түзөт.

Долбоордун алкагында салттуу кытай медицинасы боюнча илимий-изилдөө борборун түзүү, дары-дармек үчүн чийки затты кайра иштетүү жана сактоо жайларын ишке киргизүү, табигый дарыларды өндүрүү жана диагностикалык кызматтарды өнүктүрүү каралган.

Ошондой эле илимий-академиялык алмашууларды жүргүзүү жана жергиликтүү адистерди даярдоо пландалууда. Парк толук кубаттуулукта иштегенден кийин жылына $480 млнго чейин салыктык төлөм түшүшү күтүлүүдө.

Бул маселелер агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен "XXI кылымдын биомедициналык компаниясынын" өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды. Тараптар долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ишти улантууга макулдашты.