Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Дүйнөлүк банктын каржылык каражаттарынын эсебинен “Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү” долбоору ишке ашырылууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоор министрлер кабинети менен түзүлгөн келишимдин негизинде Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсттиги (АРИС), Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору (ЦКА) жана “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коому аркылуу жүзөгө ашмакчы.
Анын алкагында Ош облусунда долбоордун алкагында эки соода-логистикалык борбор ишке киргизилди. Кеңеш айылында “Эко Азык” ЖЧКсынын “Мөмө-жемиш” кошумча нарк чынжыры боюнча соода-логистикалык борбору жана Толойкон айылында “Азия Органикс” ЖЧКсынын мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо багыты боюнча соода-логистикалык борбору пайдаланууга берилди.
Мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо боюнча соода-логистикалык борборлор айыл чарба тармагындагы сезондуулук жана түшүмдүн коромжу болушу сыяктуу негизги көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган заманбап инфраструктуралык объект болуп саналат.