Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум айыл аймагынын Айгыр-Жал тилкесинде мөмө-жемиш сактоочу кампа ишке берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, логистикалык борбор 2024-жылы CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун кошумча каржылоосу аркылуу курулган.
Долбоорго колдоо долбоорунан – 6 млн 644 миң сом, жергиликтүү бюджеттен – 104 миң сом каралган.
Кампада 200 тоннага чейин мөмө-жемиш сактаса болот. Курулуш иштери 2024-жылдын 26-апрелинде башталып, учурда толугу менен бүткөрүлдү.