Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Түп районунда быйыл 71,7 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландалган. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Аткарылып жаткан жана пландагы иштер:
- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө жумуштары башталды.
- Түп – Кеген унаа жолунун 39 чакырым тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүрүүдө.
- Михайловка – Николаевка – Токтоян – Сары-Тологой унаа жолунун 15,5 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 10,5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.
- Түп – Шаты – Ичке-Суу – Талды-Суу унаа жолунда 7,2 чакырым жол оңдолот.
"Мындан тышкары, асфальт төшөлгөн Каркыра – Турук – Сары-Жаз унаа жолунда жол белгилерин орнотуу жана жол чийиндерин чийүү иштерине даярдык көрүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.