Түп районунда 10 чакырым жол асфальтталды

Аймак Загрузка... 19 Сентябрь 2025 12:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Түп районунда бир нече унаа жолдорду асфальттоо иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Михайловка – Николаевка – Токтоян – Сары-Төлөгөй унаа жолунун 19-26 чакырымдар аралыгына асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Өткөн жылы бул жолдун 6,6 чакырымы асфальтталган.

Ошондой эле Каркыра – Турук – Сары-Жаз жолунун 13-16-чакырым аралыгы эки тараптуу асфальтталып бүткөрүлдү.

Мындан тышкары, Долон – Кош-Дөбө унаа жолундагы көпүрөнүн курулушу уланууда. Учурда тирɵɵчтɵрүн орнотуу үчүн жээктери бекемделүүдө.

Жол иштери №4 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү. Азыркы тапта шагыл жолдорду жана жайлоого кеткен жолдорду убактылуу кароо, жаандан кийинки сүрүп-тегиздөө иштери жүрүүдө.