Түп - Кеген жолунун курулушу аяктады

Аймак Загрузка... 25 Июнь 2025 15:01
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек 25.06.25 /Кабар/. Эл аралык маанидеги Түп- Кеген жолунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат. Бул тууралуу курулуштун инженери Султан Сарыбагышев телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган унаа жолу Каркыра жайлоосуна кеткен Ысык-Көл облусунун түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Бул жол аркылуу эл аралык каттамдарды жакшыртууга жана туризмди өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Каттамдын жалпы узундугу 37 чакырымды түзөт. Долбоордо унаа жолуна кошумча, айыл ичиндеги жолдорду оңдоо, Сары-Жазга чейинки 13 чакырым жол салуу да каралган.

Бүгүнкү күндө жол белгилери чийилип, жарыктандыруу орнотулуп, тапшырууга толук даяр”,-деди ал.