Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Түп – Кеген унаа жолунда кардын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жетти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолду кардан тазалоо иштери уланууда, каттам ачык.
"Бүгүн саат 09:30га карата аймакта кар жаап жаткан. Жол кызматкерлери түнү бою иштеп, жолду кардан тазалап, унаалардын коопсуз өтүүсүн камсыздашты", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты азайтып, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.