Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгине жөө жүргүнчүлөр жана велосипед сүйүүчүлөрү үчүн дагы 2 чакырымга жакын жол курулду.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, жаңы жол Ак-Буура сейил багынан башталып, Токтогул сейил багына чейин уланып, Б.Осмонов көчөсүнө чыгат.
Шаар мэри Жанарбек Акаев велосипед сүйүүчүлөрү менен жолугуп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Ал шаар тургундары үчүн сейилдөө жана велосипед тебүү шарттарын мындан ары да жакшыртуу иштери улантыларын белгиледи.