Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Бишкекте кызга карата майда бейбаштык кылган жаран кармалды.
Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, 2025-жылдын 1-октябрында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда 7-апрель көчөсүндө жайгашкан ресторанда белгисиз адам кызды тепкен видео табылган.
Бул окуя маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча 1995-жылы туулган А.К., аттуу жаран кармалган.
Учурда ал райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды.