Toyota Group Бишкек шаарынын 3D моделин түзүүгө кызыкдар

Коом 20 июнь 2025 09:15
508648626_1223943179204729_7228395927013913694_n.jpg
508963299_1223943359204711_209288227419091582_n.jpg
509270282_1223943342538046_8401236210862831389_n.jpg
Алдыга
Артка
508648626_1223943179204729_7228395927013913694_n.jpg
508963299_1223943359204711_209288227419091582_n.jpg
509270282_1223943342538046_8401236210862831389_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 20.06.25 /Кабар/. Дүйнөгө белгилүү Toyota Group Бишкек шаарынын 3D моделин түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Toyota Group брендинин бир бөлүгү болгон Aero Asahi corporation ири япон компаниясынын өкүлдөрү "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин башчысы Медербек Кыдырмаев жана анын орун басары Азирет Акимов менен жолугушуусунда айтышты.

Курлуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун алкагында компания геомейкиндик маалыматты катмарлоо жолу менен түзүлгөн шаардын 3D моделин, санарип картасын даярдоо жаатында кызматташууну сунуштады.

Аталган компания буга чейин 50 өлкөдө 200гө жакын долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган. Атап айтканда, контролдук пункттарды сүрөткө тартуу, тегиздөө, топографиялык картага түшүрүү, ГИС маалыматтары, системаны түзүү жана башкалар.

Курулуш министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаментинин алдындагы "Бишкекбашкыархитектура" мекемесинин жетекчилиги Бишкек бүгүнкү күндө ушундай заманбап жана келечектүү долбоорлорго басым жасап жатканын белгиледи.