Топтомо пенсия: Жарандарга 6 млрд сомдон ашык каражат төлөнүп берилди

Экономика Загрузка... 23 Январь 2026 12:45
2022-02-11_11-56-24_233357.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-январына карата 228 миң 670 адамга топтомо пенсиялык каражаттар төлөнүп берилди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, төлөмдүн жалпы суммасы 6 млрд сомдон ашкан. Анын ичинде:

  • пенсия курагына жеткен жарандарга – 200 717 адам (3 млрд 150
    млн сом);
  • чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге –
    4 542 адам (255,7 млн сом);
  • каза болгон адамдардын мураскорлоруна – 11 986 адам (366,5 млн сом);
  • аскер кызматчыларына – 1004 адам (11,9 млн сом);
  • ипотекалык кредит алып жаткандарга – 388 адам (88,2 млн сом);
  • ипотекалык кредит алгандарга – 8 107 адам (1 829,8 млн сом);
  • турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө ("МИК" ААК каржылайт) – 378 адам (61,9 млн сом);
  • банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга – 417 адам (98,3 млн сом);
  • расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандарга – 322 адам (6,1 млн сом.);
  • оор оорулары бар адамдарга – 809 адам (132,3 млн сом).
"Биз ар кандай шартта жана кырдаалдарда жарандарга колдоо көрсөтүү менен пенсиялык топтоо каражаттарын ар тараптуу пайдаланууга умтулабыз", - деп айтылат маалыматта.