Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн – ӨКМ

Коом 20 июль 2026 11:10
Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн – ӨКМ

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-июлдан 25-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.