Тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу жогору

Коом 19 май 2026 12:05
Тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу жогору
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 19-майдан 23-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этегиндеги аймактарында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу жогору. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарды сак болууга жана коопсуздук чараларын алдын ала көрүүгө чакырат.