Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу 4-августка чейин сакталат

Коом Загрузка... 31 Июль 2025 12:15
60c329299ee37737303_J3QpOAa.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 1-августтан 4-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Буга байланыштуу жарандарга коопсуздук чараларын катуу сактоо сунушталат:

  • коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
  • арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
  • турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаар тургундарын этият болууга жана зарыл болгон учурда ыкчам кызматка кайрылууга чакырат.