Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн - ӨКМ

Коом 29 май 2025 12:02
Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн - ӨКМ

Бишкек, 29.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 29-31-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.