Тоолуу аймактардын климаттык көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору талкууланды

Коом Загрузка... 21 Сентябрь 2025 14:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 21.09.25. /Кабар/. Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова ЕККУнун Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин жетекчиси Фолькер Фробарт менен жолугушту.

Динара Кемелова Фолькер Фробартты бул жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашырууда Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы үзгүлтүксүз жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Кыргызстандын президенттин атайын өкүлү ошондой эле ЕККУга бир катар эл аралык жана улуттук иш-чараларды өткөрүүгө, алыскы райондордогу ишкер айымдарды колдоо, органикалык дыйканчылык, билим берүү жана тоо күн тартибинин башка аспектилери боюнча долбоорлорду илгерилетүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда тоолуу жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу боюнча кызматташуунун келечеги, ошондой эле мөңгүлөрдүн эриши, органикалык өндүрүштү жана тоо продуктуларын өнүктүрүү, табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жана тоолуу жамааттарды колдоо маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Фолькер Фробарт илимий жана билим берүү долбоорлоруна, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоонун маанилүүлүгүнө жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин терең изилдөөгө токтолду. Ал ЕККУнун кеңсесинин Тоолуу беш жылдык Жол картасын ишке ашырууда кызматташууну илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.